Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчысы Михаил Мясникович менен жолугушту

Кыска кабар | 4 Фев 2020 | 654 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөгө алгачкы чет өлкөлүк расмий сапары менен келген Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Өкмөт башчы Михаил Мясниковичке жаңы кызмат ордунда ийгиликтерди каалап, анын ишмердик жана жеке сапаттары Евразия экономикалык комиссиясынын ишин натыйжалуу уюштурууну камсыздап, интеграциялоо процессин динамикалуу өнүктүрүүгө багытталган милдеттерди ырааттуу аткаруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзөрүнө ишеним билдирди.

Жолугушууда Евразия экономикалык бирлигинин учурдагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана интеграциялык биримдикти мындан ары карай өнүктүрүүнүн башкы артыкчылыктары талкууланды.

Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия экономикалык бирлигинин рыногунда орун алган тоскоолдуктарды четтетүү чараларын сапаттуу ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурдурду.

Мындан тышкары Евразия экономикалык комиссиясынын улуттук деңгээлден жогорку компетенциясын күчөтүү маселеси, 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктаган документтин долбоору талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM