Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБдин Жогорку кеңеши октябрь жана декабрда Алматыда өтөт

Кыска кабар | 20 Авг 2021 | 570 | 0

Евразия экономикалык биримдигинин Жогорку кеңеши ушул жылдын октябрь жана декабрь айларында Алматы шаарында өтөт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын демилгелерин жана сунуштарын ишке ашырууда тыгыз байланышта болгон жогорку деңгээлдеги адистердин тобун түзүү чечими кабыл алынды.

«Биз мамлекет башчыларына ушул жылдын октябрь жана декабрь айларында бул багыттагы иштердин жүрүшү тууралуу маалымат беребиз«, — деди ал.

Ошол эле учурда, Мясникович 2021-2022-жылдары жоюла турган тизмеге 14 пункт киргенин белгиледи (13 чектөө жана 1 алуу). Бул тоскоолдуктардын айрымдарын эки жылдын ичинде алып салуу пландаштырылууда.

Copyright © 2017 Maral FM