Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстанга ЕЭКтин коллегиясынын төрагасы келет

Кыска кабар | 4 Фев 2020 | 491 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чакыруусу менен бүгүн, 4-февралда Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын жаңы төрагасы Михаил Мясникович расмий сапар менен Бишкекке келет. Бул анын чет өлкөгө жасаган алгачкы сапары. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушуулар пландалган.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБ рыногунда орун алган тоскоолдуктарды, алып коюуларды жана чектөөлөрдү четтетүү, ошондой эле экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар багыттарында ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин макулдашылган саясатын жана шайкеш мыйзамын жүргүзүүгө байланыштуу маселелерди талкуулоо пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM