Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан ЕАЭБге байкоочу өлкө катары кирет

Дүйнө , Кыска кабар | 12 мая 2020 | 739 | 0

Өзбекстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) «байкоочу өлкө» катары кирет. Бул тууралуу сенаттын басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстан парламентинин жогорку палатасы 11-майдагы төртүнчү жыйынында өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине, (ЕАЭБ) «байкоочу өлкө» катары катышуусу тууралуу өкмөттүн сунушун жактырды.

28-апрелде бул сунушту Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары колдогон. Эми президент Шавкат Мирзиёев өзүнүн жарлыгы менен Өзбекстан ЕАЭБге байкоочу өлкө катары, кирер-кирбеши боюнча чечим чыгарышы керек.

Өлкө башчы 24-апрелде парламентте жасаган билдирүүсүндө өкмөт Евразия Экономикалык Биримдиги менен кызматташууну карап жатканын, Өзбекстан чыгарган өндүрүмдүн 80%ы Бажы Биримдигине кирген өлкөлөргө экспорттолорун айткан.

Өзбек коомучулугунун арасында ЕАЭБге кошулуу көз карандысыздыкка коркунуч алып келиши мүмкүн деп эсептегендер да болгондуктан, бул биримдикке кошулуп-кошулбоо маселеси көп убакыттан бери кызуу талкуу жаратып келет.

Өзбекстан ЕАЭБге кирсе, 34 миллион калкы менен бул экономикалык биримдиктин Орусиядан кийинки экинчи чоң керектөөчү базары болуп калышы айтылат.

2015-жылы Орусия, Беларусь жана Казакстан тарабынан түзүлгөн ЕАЭБге кийинчерээк Армения менен Кыргызстан да кошулган. Азыр уюмда Молдова байкоочу макамга ээ.


 

Copyright © 2017 Maral FM