Биз менен байланышыңыз

Разаков Орусиянын Финансы министри менен жолугушту

Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 499 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Орусия Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары – Финансы министри Антон Силуановдун жумушчу жолугушуусу болду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушууда тараптар Евразия Экономикалык Биримдигине кошулуунун алкагында Кыргыз Өкмөтү менен Орусия Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүү боюнча макулдашуунун жүзөгө ашырылышы, жогоруда айтылган макулдашууга ылайык, техникалык жардамды берүүнү тездетүү жана айрым иш-чараларды ишке ашыруунун мөөнөтүн 2020-2021-жылга чейин узартуу маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде кыргыз тарап макулдашууну ишке ашыруунун алкагында үнөмдөлгөн каражаттарды кайра бөлүштүрүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, тараптар «жол картасынын» иш-чараларын аткарууну көзөмөлдөө үчүн атайын жумушчу топтун ишин активдештирүүгө, макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында зарыл иш-чараларга үнөмдөлгөн каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн кызыкдар мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттешүүсү максатында зарылчылыгына жараша онлайн-конференциялар түрүндө кеңешмелерди өтүүгө келишишти.

 

Copyright © 2017 Maral FM