Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы жана Ош облусунда болгон делегация экспресс-тест тапшырды

Кыска кабар | 5 Апр 2020 | 904 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Ош жана Жалал-Абад облустарына эки күндүк иш сапар менен болгон делегациянын 12 мүчөсү коронавирус инфекциясынын бар же жогун аныктай турган тесттен өттү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес аймактарда болгон делегациянын бардык мүчөлөрү Бишкек шаарына келери менен дароо коронавирустун бар же жогун аныктай турган экспресс-тесттен өтүштү. Алардын биринен да вирус аныкталган жок. Тобокелчиликтерди азайтуу максатында алар үч күнгө үй карантинине жиберилди.

Белгилей кетүүчү жагдай, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү аракеттерди координациялоо боюнча ыкчам штабга тартылган Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери да экспресс-тесттен өттү.

Copyright © 2017 Maral FM