Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан ТИМи ЕАЭБге кирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 626 | 0

Өзбекстан сырткы саясаттагы интеграциядан четте кала албайт. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Өзбекстандын ЕАЭБ, Евробиримдиги жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюму менен кызматташуу боюнча пикирин билдирип жатып айтты.

-Глобалдашуу заманында мамлекеттердин аралашып, кызматташуусу боло турган көрүнүш. Өзбекстан да бул процесстен четте калбайт. ЕАЭБ тууралуу суроолор абдан көп болууда. Өзбекстан азырынча, кайсыл багытта, кандай шартта кирсе жакшы болорун изилдеп жатат,- деди Камилов.

Ошондой эле, экономикасы өнүккөн ири державалар менен кызматташуу эң башкы максат экенин кошумчалады:

-Учурдагы эң башкы маселелердин бири ири стратегиялык мамилени көздөгөн мамлекеттер менен катышты жакшыртуу. Баарынан мурда – Кытай, Орусия, АКШ, Япония, Түштүк Корея, Түркия, араб өлкөлөрү, ошондой эле, Европа Биримдиги жана Азия өлкөлөрү менен.

Президенттик кайрылууда да сырткы саясатка арлашууга өзгөчө көңүл бурууга чакырган. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ЕАЭБ тууралуу айтып жатып:

-Биз бир жылдан ашык убакыттан бери бул маселени изилдеп келебиз. Мамлекеттин келечегин, элдин кызыкчылыгын эске алуу менен чечим чыгарабыз. Депутаттар менен сенаторлор бул маселени терең талдап, оң-терс тарабын изилдеп чыгуусу зарыл. Соңунда алар кандай чечишсе, ошондой болот. Биримдикке кошулуу керек болсо кошулабыз, болбосо жок,- деген.


Copyright © 2017 Maral FM