Биз менен байланышыңыз

Аскаров: ЕАЭБдеги артыкчылыктарды көргөн үчүнчү өлкөлөр кызыгуусун билдирүүдө

Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 556 | 0

Евразия экономикалык биримдиги – бул бүгүнкү күндө тышкы факторлордун таасирине карабастан, иштеп баштаган биринчи беш жылдыгында эле иш жөндөмдүүлүгүн далилдеп, жүзөгө ашкан долбоор. Мындай пикирин вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге интеграцияланышындагы негизги жыйынтыктары жана келечеги» аталышындагы конференциянын ачылышында билдирди:

Бүгүнкү күндө биз толук ишеним менен алдыга койгон максаттарга жеткенибизди айта алабыз.  ЕАЭБ өлкөлөрү товарларды алып кирүү бажы төлөмсүз ишке ашып жатат, ал эми татаал делген маселелер боюнча биз диалог жолу менен бир пикирге келүүдөбүз. Акырындык менен тоскоолдуктар жоюлууда, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп жатат. Бул жылы өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 7,2 миллиард долларга жетери күтүлүүдө, — деди Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр ошондой эле макулдашуу менен эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногун түзүүдө мигранттардын эркин жүрүүсү тууралуу жана билим менен социалдык кепилдик жөнүндөгү документтердин таанылышы Кыргызстандын утушу болгонун кошумчалады:

ЕАЭБге мүчө болгон 5 өлкөнүн жетекчилери тарабынан Союздун бирдиктүү санариптик мейкиндигин түзүүнүн бардык аспектилерин аныктаган санариптик күн тартип жөнүндө билдирүү кабыл алынган. ЕАЭБдин аянтчасында санариптик күн тартибин мындан ары да түзүүгө катышууда мүмкүнчүлүктөрүбүз бирдей, — деди вице-премьер-министр.

Замирбек Аскаровдун айтымында, мына ушул артыкчылыктарды үчүнчү өлкөлөр көрүп, ЕАЭБге кызыгуусун билдирүүдө:

Вьетнам, Сингапур жана Иран менен эркин соода аймагы жөнүндө келишим түзүлдү. Бул Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөргө, анын ичинде  Кыргызстанга мүмкүнчүлүктөрдү берет, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташтык кеңейет, — деди Аскаров.

Copyright © 2017 Maral FM