Биз менен байланышыңыз

Салык кызматында ЕАЭБдин кыйыр салыктар менен иштөө боюнча жаңы башкармалыгы түзүлдү

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 573 | 0

Өкмөттүн токтому менен Мамлекеттик салык кызматында жаңы түзүмдүк бөлүм — Чүй жана Талас облустары боюнча Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгы түзүлдү. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Жаңы башкармалыктын штаты салык кызматынын иштеп жаткан кызматкерлеринен толукталып, башкармалык жөнүндө тиешелүү жобо кабыл алынып, башка уюштуруу-техникалык жана укуктук маселелер чечилди.

Жаңы башкармалык импортчулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргызстандын аймагына импорттоодо товарларды эсепке алуу, товарларды ташып кирүү фактылары жөнүндө маалыматты аймактык салык органдарына онлайн берүү максатында түзүлгөн.

Бул башкармалыкка кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Жол», «Ак-Тилек», «Чалдовар» жана «Чоң-Капка»көзөмөл-өткөрмө пункттарына жакын жердеги Кыргызстандын товарларын ташып келүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында жүк ташуучу унааларды көзөмөлдөө жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пункттарынын иштерин уюштуруу милдети жүктөлгөн.

Эскерте кетсек, буга чейин жүк ташуучу унааны көзөмөлдөөнүн жана товарларды эсепке алуунун убактылуу төрт пунктундагы иштерди жакын жайгашкан салык органдарынын кызматкерлери жүргүзүп келишкен.

Copyright © 2017 Maral FM