Биз менен байланышыңыз

Президент ЕЭКтин коллегиясынын жаңы төрагасын кабыл алды

Кыска кабар | 4 Фев 2020 | 627 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-февралда, бул кызматта иштеп баштагандан бери Кыргызстанга өзүнүн алгачкы расмий визити менен келген Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Михаил Мясниковичти ЕЭК коллегиясынын төрагалык кызматына киришкендиги менен куттуктап, Комиссия анын жетекчилиги астында ЕАЭБдин тандап алган экономикалык багытын улантарына, евразиялык интеграцияны мындан ары да тереңдетүүгө алгылыктуу салым кошоруна ишенимин билдирди.

ЕАЭБ Кыргызстандын тышкы экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берерин баса белгиледи.

Биримдиктеги өлкөлөр менен мындан ары да натыйжалуу жана жемиштүү кызматташууга, ошондой эле евразиялык аймакта интеграциялык процесстерди кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

Михаил Мясникович жолугушуу үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү ырааттуу жоюу жана ошондой эле Биримдиктин алкагында соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү боюнча Комиссиянын артыкчылыктуу милдеттери жөнүндө айтып берди.

ЕАЭБке карата үчүнчү өлкөлөрдүн кызыгуусу артып жатканын белгиледи. Михаил Мясникович бул кызматта ЕАЭБке мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен ишмердүүлүгүн жүргүзөрүнө ишендирди.

Copyright © 2017 Maral FM