Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу каражаттарды берет

Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 404 | 0

Орусиянын Колдонуучулардын укуктарын коргоо жана жарандардын бакубаттыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы Евразиялык экономикалык биримдигине жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мүчө-өлкөлөрүнө коронавирусту аныктоодо колдонулуучу каражаттарды берет. Бул тууралуу www.rospotrebnadzor.ru сайты жазды.

1-2-февраль күндөрү Арменияга, Казакстанга, Беларусияга жана Өзбекстанга жаңы 2019-nCoV инфекциясын аныктоо үчүн Орусияда өндүрүлгөн тест-системалар берилген. Учурда Кыргызстан менен Тажикстанга жеткирүү күтүлүүдө.

Тест-системаларды берүү ЕАЭБ жана КМШ мамлекеттерине жаңы 2019-nCoV коронавирустук инфекциянын кирүүсүнүн алдын алуу максатында колдоо катары  берилүүдө.

Евразиялык биримдикке мүчө өлкөлөрдө жашаган элдин санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун сактоо жана ден- соолугун коргоо үчүн заманбап диагностикалык каражаттар акысыз жеткирилет.

Copyright © 2017 Maral FM