Биз менен байланышыңыз

Филиппинде коронавирустан каза болгон алгачкы адам катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Фев 2020 | 797 | 0

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бүгүн, 2-февралда биринчи жолу Кытайдан башка өлкөдө коронавирус 2019-nCoV жуктурган адамдын көз жумганын билдирди. Аталган вирустан Филиппинде 44 жаштагы адам каза болгон.

Каза болгон жаран Кытайдын Ухань шаарынан вирусту жуктуруп баргандыгы айтылууда. Ал менен чогуу келген аялдан да жакында эле аталган вирустун белгилери аныкталган.

Филиппиндин Саламаттыкты сактоо министри Франсиско Дуке билдиргендей, учурда ал ооруканада жатат, ден соолугу калыбына келип, сакаюуда.

Буга чейин Филиппин өлкөсүнө Кытайдан чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө чектөө киргизилген.

Дүйнө жүзүндө коронавирус катталган өлкөлөр 27ге жетти. Ал эми коронавирусту жуктургандардын саны 12 миңден ашты. Аталган вирустан 250дөн ашык адам көз жумду. Орусияда болсо вирус жукту делген шек менен эки кытай жараны катталган. Кыргызстанда коронавирустун чыкканы боюнча такталган учур катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM