Биз менен байланышыңыз

Качкынбай: Чакан өкмөттү түзөбүз

Кыска кабар | 2 Фев 2020 | 1245 | 0

Кыргыз либерал демократиялык партиясы 2011-жылы расмий түрдө катталган. Бул тууралуу партиянын ачылышында КЛДПнын теңтөрагасы Сейтек Качкынбай билдирди.

Анын айтымында, партияны сыртта жүргөн мекендештер биригип түзүшкөн.

«Либералдардын партиясы жапондордо да бар. Ал 64 жылдан бери кызмат кылып келе жатат. Ал өлкөнүн кандай өнүгүп жатканын билесиздер. Мындай партия кошуна Өзбекстанда да бар. КЛДП-эркин, демократиялык партия. Биз салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүп, бюджетти өнүктүрсөк дейбиз. Муну менен өлкөдөгү социалдык көйгөйлөрдү чече алабыз. Ошондой эле, коррупцияны азайтуу, санариптештирүүгө басым жасайбыз. Биз жаштарга басым жасап, мамлекеттик структураны өзгөртүп, чакан өкмөт түзөбүз» , -деди КЛДПнын теңтөрагасы.

Сейтек Качкынбай сыртта жүргөн мекендештер тууралуу да сөз кылып, өлкөгө чоң салым кошуп жатканын эске салды.

«Кыргыздар бактыбызды өз өлкөбүздөн табышыбыз керек» , — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM