Connect with us

Олимпиада-2020: Кыргызстан курамасынын кийимин кытайлык компания акысыз тигет

Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 5275 | 0

Быйыл Япониянын Токиодогу Олимпиада оюндарына бара турган Кыргызстандын курамасынын кийимин кытайлык Tectop компания тигип берет. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.

Аталган комитеттен билдиришкендей, ушул эле компания 2018-жылы Жакартада (Индонезия) өткөн Азия оюндарына барган кыргызстандык спортчулардын параддык формасын тигип берген.

«Алар биздин олимпиада курамабыздын техникалык демөөрчүсү болду. Азия оюндарынан кийин кийимдин сапаты жакшы болуптур деген пикирлерди уктук. Андан кийин биз сүйлөшүү жүргүзүп, 2020-жылкы Олимпиада оюндарына техникалык демөөрчүлүк кылуу боюнча макулдаштык. Алар акысыз түрдө параддык, атайын спорттук кийимди тигип беришет. Ар бир комплектте дээрлик 20 кийимден болот«, — деп билдиришти комитеттен.

Ошондой эле Улуттук олимпиада комитетинен белгилешкендей, спортчуларга өзү көнгөн кийими менен жарышка чыгууга эч ким тыюу салбайт.

Copyright © 2017 Maral FM