Биз менен байланышыңыз

Дүйшөмбү күнү өлкөгө жарым млн беткап алынып келинет

Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 472 | 0

Жакынкы күндөрү өлкөгө жарым миллион медициналык беткап алып келинет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрлик Кытайдагы коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышынан улам Кыргызстандагы дарыкана жана фармацевтикалык компанияларды бир адамга 20 беткаптан ашык сатпоого чакырат.

Бардык дары-дармек саткан түйүндөргө беткап жана аталган илдеттин жайылышына бөгөт койгон дары-дармектердин баасынын наркы көтөрүлбөөсүнө эскертүү берилген.

Орусия, Казакстан жана Кытайдан алынып келинген беткаптардын убактылуу токтотулганына байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги беткаптарды Түркия, Корея, Индиядан алып келүүнү пландап жатат. Дүйшөмбү күнү өлкөгө 500 миң беткап алынып келинет.

Ошондой эле Кыргызстандан медициналык беткаптарды жана дары-дармектерди алып чыгууга тыюу салынууда.

Copyright © 2017 Maral FM