Биз менен байланышыңыз

Ажылык-2020: Кийим тигүүчү компания аныкталды

Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 981 | 0
Кечээ, 30-январда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жыйындар залында 2020-жылга карата ажылык сапарына кийип жүрүүчү кийимдерди даярдоо боюнча ишкерлердин арасында сынак өттү. Бул тууралуу Муфтият билдирди.

Конкурска катышуу үчүн 7 талапкер арызын берип, анын ичинен бирөөсү сынакка катышкан жок. Убактылуу республикалык штабдын мүчөлөрү сынактын талабына ылайык, кездеменин курамына, кийимдин тигилишине, дизайнына, кийимге коюлган наркына, өңү-түсүнө жана сапатына баа беришти.

Мындан тышкары тийиштүү документтерин, эркектер жана аялдар үчүн ажылыкка кийүүчү кийимдердин үлгүсүн, ылайыктуулугун карап чыгышып, жыйынтыгында жеке ишкер Динара Акматбекова эң көп балл топтоп, сынактан жеңип чыкты.

Эскерте кетсек, Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга быйыл 6110 квота бөлүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM