Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат

Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 361 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Алматы шаарына барып, анда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында 14 маселе талкууланат, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүүгө, мурда берилген тапшырмаларды аткарууга, санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасын калыптандырууга, интеграциялык бирикмелердин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу Келишиминин үстүндө иштөөгө, эл аралык эрежелерди жана тажрыйбаларды эске алуу менен атайын коргоочу, антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонуу механизмдерин жакшыртууга тийиштүү маселелер бар.

Copyright © 2017 Maral FM