Биз менен байланышыңыз

Кытайдан келгендердин саны – 42 адам. Коронавирус катталган жок

Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 507 | 0

30-январга карата Кыргызстанда коронавирустун такстыкталган учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата аймактык ооруканасындагы 6 адам жашаган жери боюнча андан аркы медициналык кароодон өтүү үчүн жиберилген. Учурда 14 миң 445 адам санитардык-карантиндик пункт аркылуу өткөн.

Кытайдан келгендердин саны – 42 адам (28-29-январь), алардын ичинен Кыргызстандын жарандары – 24, Кытай жарандары – 18. Баары тең тепловизордун жардамы менен керектүү болгон медициналык процедурадан өтүшкөн, алардын арасында оорунун белгиси байкалган адам аныкталган эмес.

Бүгүнкү күндө Москва районунун аймактык ооруканасында 6 адам, Сокулук районунун аймактык ооруканасында 3 адам бар. Бардыгы тең дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалдары канааттандырарлык. Калган 33 адам штабтын чечимине ылайык, жашаган жери боюнча андан аркы медициналык кароодон өткөрүү үчүн жиберилди, — деп айтылат маалыматта.

Медициналык байкоо жүргүзүү УМБнын кызматкерлери тарабынан инкубациялык мезгил бүткөнгө чейин 10 күн аралыгында жүргүзүлөт. Ухань шаарында болуп келген жарандар милдеттүү түрдө обсервацияга же ооруканага жаткырылууга жиберилет. Өткөрүү пункттарында Мамлекеттик чек ара аркылуу коронавирустун өлкөгө киришин жана жайылышын алдын алуу иш-аракеттеринин планы иштелип чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM