Биз менен байланышыңыз

Өлкөдөгү 1064 китепканада 19 млн китеп бар

Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 441 | 0

Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпы 1064 китепкана бар. Алардын жалпы китеп фондусу 19 млн. түзөт. Окурмандарды 3000ден ашуун китпепканачы тейлет. Учурда 9 китепканада балдарды эрте өнүктүрүү борборлору иштеп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өлкөдөгү китепкана жетекчилери катышкан жыйында билдирди.

Министр өз сөзүндө китептерди санариптик форматка өткөрүү жана жаш өсүп келе жаткан балдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген окурмандар үчүн шарт түзүү 2020–жылы үзгүлтүксүз улануусу керек деп белгиледи.

Быйыл, 2020 –жыл “Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы” деп жарыяланды. Андыктан, аймактарда иш алып барып жаткан китепканалар заман талабына жараша иш алып баруусу керек , — деп кошумчалады министр.

Өлкөдөгү китепканалардын базаларында балдарды эрте өнүктүрүү борборлору ачылып, мүмкүнчүлүгү чектелген окурмандарга шарттар түзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM