Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Алматыдагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумуна катышат

Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 330 | 0

Эртең, 31-январда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстанга иш сапары менен барат.

Анын алкагында ал Алматыда өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумуна катышат.

Күн тартибинде 14 маселе каралат. Анын ичинен 10 маселе ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары тарабынан тар чөйрөдө, 4 маселе кеңири курамда каралат.

Отурумга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын өкмөт башчылары катышат.

Copyright © 2017 Maral FM