Биз менен байланышыңыз

Өкмөт эпидемиологиялык кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүүнү тапшырды

Кыска кабар | 29 Янв 2020 | 370 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, бүгүнкү күндө коронавирус такталган учурлар катталган эмес. Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Өлкөдө жеке коргонуучу каражаттардын зарыл болгон камы жана вируска каршы дары каражаттары бар.

Кеңешмеде белгиленгендей, республиканын бардык көзөмөл-өткөрмө жайларында, Бишкек жана Ош шаарынын аэропортторунда вирустун бар-жогун текшерүү үчүн тепловизорлор орнотулган. Санитардык-карантиндик пункттун адистери тепловизорлор менен Кыргызстанга Кытайдан жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген жактардын баарын текшеришет.

Өкмөт башчы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү күчөтүүнү жана бардык алдын алуу чараларынын топтомун так аткарууну камсыздоону тапшырды.

Ал ошондой эле дарыканалар тутумунун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу жана баалардын жогорулашын алдын алуу үчүн жеке коргонуу каражаттарынын (медициналык беткап), тиешелүү дары-дармектердин наркына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылууну тапшырды.

Өкмөт башчы кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Анын ичинде эпидемиологиялык кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүү жана Кытайдан жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген жактарды көзөмөлдөө тапшырылды.

Тышкы иштер министрлигине Кытайдын аймагындагы жарандар менен иштөөнү күчтөндүрүү жана алардын укуктарын, саламаттыгын коргоо үчүн зарыл болгон жардамдарды көрсөтүү милдеттендирилди.

Copyright © 2017 Maral FM