Биз менен байланышыңыз

Британия Huawei компаниясына кучак жаят

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Янв 2020 | 447 | 0

Улуу Британия кытайлык Huawei компаниясына 5G мобилдик интернет тармагынын жаңы муунун иштеп чыгууга катышууга уруксат берет, бирок бир топ чектөөлөр менен.

Huawei 5G тармагын иштеп чыгуу учурундагы маанилүү бөлүктөрүнө катыша албайт. Компаниянын 5G боюнча британ системасындагы салымы 35 пайыздан ашпашы керек. Мындай чечимди өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон кабыл алды.

Буга чейин мындай пикирди АКШ колдобогондуктан, Британия бир чечимин айта элек болчу.

Вашингтон Лондондун Huawei менен кызматташуусун жактырбай келет. АКШ президенти Трамп тыңчылыкка шектенгендиктен, башка өлкөлөрдөн да Huawei компаниясынан баш тартууну талап кылып келет.

Ал эми Лондон Кытайдын бул компаниясы болбосо, мобилдик интернет тармагынын жаңы муунун иштеп чыгууда артта калып калуудан чочулайт.

Copyright © 2017 Maral FM