Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дарыканалар 5 жылда бир гана жолу текшерилет

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Янв 2020 | 861 | 0

Кыргызстанда бир дагы мамлекеттик дарыкана жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздоо департаментинин фармацевтикалык инспекциянын бөлүм башчысы Нурдин Кагаздиев “Маралга” берген маегинде билдирди.

Анын белгилешинче, дарыканаларды текшерүүдөн 10 күн мурда эскертүү берилет. Эч кандай кабар бербей туруп барып текшергенге мыйзам жол бербейт.

-Кыргызстан боюнча 3 миңге жакын жеке ишкерлерге таандык дары-дармек чыгарган мекемелер бар. Дарыларды сактоо кампалары бар компаниялардын баарына дарыкана иштетүүгө уруксат берилген. 

Текшерүү мыйзамдарынан сырткары, айрым токтомдорго ылайык, текшерүүнүн соңунда  дарыканаларга 3 категория менен, тагыраагы, “төмөн”, “орточо” жана “жогорку” делген баа берилет. Кыргызстандагы дарыканалардын көпчүлүгү төмөн деп бааланат. Айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизилмейинче текшерүү жагынан департаменттин колу-буту байланып калып жатканын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM