Биз менен байланышыңыз

Арсен: Аталык сезимди сөз менен жеткире албайт экенсиң

Көңүл ачуу , Марал шоу | 23 Янв 2020 | 757 | 0

Жаштар арасында күйөрман топтогон, өзгөчө үнү менен айырмаланган ырчы мырза Арсен менен “Марал шоу” программасында маек курдук.

— Саламатсызбы, Арсен мырза, студияга кош келипсиз!

-Саламатчылык, кош келдик.

— Алгач, маанайыңызды сурагыбыз келип турат?

-Маанайлар эң сонун. Жаңы жылдан соң бардыгы эс алып жатышат. Аба ырайы да мыкты.

— Сиз тарапта кандай жаңылыктар болууда?

-Үйлөнүп, кыздуу болдуп, бардыгы өз ордунда, Кудайга шүгүр. 2020-жылга жакшы пландарды койдум. “Сары-ой” элдик ырын жаңыртып, заманбап стилде жаздырып жатам. Жакында эмгегимди элге тартуулайм.

— Бир убакта Омар, Мирбек жана башка ырчылар болуп бир толкун менен шоу- бизнеске келдиңиздер. Эми кайра качан сиздердей жаңы толкун жаралат деп ойлойсуз? Кыргыз шоу-бизнеси эмнени күтүп жатат?

-Бардыгы өз убактысы менен деп ойлойм. Өзүмдүн чыгармачылыгым менен алектенип жүрүп, бирөө менен атаандашкым да келбейт. Шоу-бизнесте ким эмне кылып жатат деп кызыкпайм. Азыр интернет заманы келди деп ойлойм. Жеке эле Кыргызстанга эмес, дүйнөгө таанылуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Менин оюмча, кыргыз шоу-бизнесинде дүйнөгө чыга турчу толкун болот.

— Ырчылык өнөр кимден келген, кантип чыгармачылык чөйрөгө аралашып калгансыз?

-Негизи бала кезден бери эч кимге көрсөтпөй ырдачумун. Чоң сахнага 20 жашымдан тарта аттандым. Бул өнөр таятамдан келген. Анткени ал киши да ыр жазып, чыгармачылыкка жакын болгон.

— Кызыңыздын кылыктары чыгып жаткан курагы экен. Ата болгон жагып жатабы?

-Абдан жагып жатат. Атанын сүйүүсү сөз менен жеткире алгыс, башкача сезим экен. Азыртан эле кичинекей кызымдын турмуш жолуна узап жаткандыгын элестетип жатып, жаман болуп кетем.

— Арсен мырза, маегиңизге рахмат. Үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз!

-Сиздерге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM