Биз менен байланышыңыз

Кытайдагы вирус Орусияга да жеткени айтылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2020 | 7287 | 0

Орусиядагы Петербург шаарында эки адам Кытайда катталган жаңы вирус жуккан болушу ыктымал деген шек менен ооруканага жаткырылды. Алардын бири Шанхайдан учуп келген. Ал учактан түшкөн кезде денесинин табы 38 градуска чейин көтөрүлүп турган, андыктан аны ошол жерден эле ооруканага алып кетишкен.

Кытайдагы 2019-нКоВ аталышындагы коронавирустан каза болгондордун саны 17ге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 610дон ашты. Ал эми британ эксперттери бул көрсөткүч 2000ден ашарын белгилеп жатышат.

Учурда вирусту жугузуп алгандар АКШ, Жапония, Түштүк Корея, Сингапур, Гонконг, Австралия жана Таиландда да катталды.


Кытайдагы жаңы вирус кандай белгилерге ээ?

Copyright © 2017 Maral FM