Биз менен байланышыңыз

Кытайдагы жаңы вирус кандай белгилерге ээ?

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Янв 2020 | 2144 | 0

Кытайда мурда белгисиз болгон жаңы вирус таралууда. Адамдан адамга жугары аныкталган сырдуу вирустан каза болгондордун саны учурда 4кө жетти. Ооруга чалдыккандардын жалпы саны 224 адам болду.

Кытайдын Саламаттыкты сактоо жана тазалык боюнча комитетинин төрагасы Чжунь Наньшань дем алуу органдарын сезгенткен жаңы коронавирус адамдан адамга жугарын расмий түрдө ырастады:

— Вируска кабылгандардын 95 пайызы Ухань шаары менен байланышкандар. Ошондой эле белгисиз вирустун адамдан адамга жугары аныкталды. Буга далил катары бейтаптарды карап жүргөн 14 медициналык кызматкердин ооруну жуктуруп алганын айтсак болот.

Кошумчалап өтсөк, илдетти жуктурган дарыгерлердин саны 15ке жетти, алардын бирөөсүнүн учурда абалы оор. Бирок азырынча окумуштуулар 2019-nCoV коронавирусу тараган булакты аныктай албай жатышат.

Дем алуу органдарында жаралган вирус деңиз азыктары сатылган Ухань аймагынан табылган. Бул аймакта калк жыш жайгашкан жана деңиз азыктарын көп колдонгондугу менен белгилүү. Ухандын өзүндө эле 170тей вирусту жуктурган бейтап бар.

Кореядагы «Йонхап» агенттиги бул илдет Кытай менен Азияга жайылышы мүмкүндүгүн жазып чыкты. Учурда коркунучтуу вирустун Жапония, Түштүк Корея жана Тайландга да жеткен алгачкы учурлары катталды. Жапонияда илдет жуктурду делген бейтап кытайлык ишкер. Анын жакын арада Ухань шаарында болгондугу аныкталды. Бийлик учурда анын эмделгенин, башкаларга жугуу коркунучу төмөндүгүн айтууда.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму Кытайдагы жаңы коноравирустун айынан бүткүл дүйнөгө коңгуроо кагууда. Эртең уюм мүчөлөрү чукул чогулуш уюштуруп, бул илдет менен кантип күрөшүү маселесин талкуулашмакчы.

Америка жана Кытай дарыгерлери тез арада вируска каршы каражат табууга сөз берди.

Жапония вируска каршы катуу күрөшүүгө аракет кылууда. Бир топ ири компаниялары Ухань шаарындагы филиалында иштегендерге сыртка чыкпай, үйдөн иштөөгө уруксат берди. Айрымдары Кытайга болгон иш сапарларын токтотту. Ошондой эле, Ухандагы кызматкерлерине деңиз азыктары сатылган аймактарга барбоону жана  көпчүлүккө аралашпоону талап кылууда.

Ал эми АКШнын Сан-Франциско, Лос-Анжелес жана Нью-Йорк шаарларындагы аэропорттордо Кытайдын борбордук бөлүгүнөн келген жүргүнчүлөрдү катуу текшерип жатат.

Вирус тууралуу эмнелер белгилүү:

2019-nCoV вирусу – адамдан адамга жугуучу коронавирустун түрү экендиги белгилүү болду.

Коронавирустар 38 вирустун түрүн камтыган жугуштуу оору болуп саналат. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, вирус алгач жаныбарлардан адамга жуккан.

Жугуштуу оорунун симптомдоруна токтолсок:

Ал кадимки сасык тумоонун белгилерине да окшоп кетет. Оорууну жуктургандардын температурасы аябай көтөрүлөт. Бейтапта жөтөл пайда болот. Андан сырткары, дем алуусу кыйындайт.

Учурда дарыгерлер, адамдарды жаныбарлардан оолак болууга, толук кайнатылбаган тамактарды, чала бышкан эттерди колдонбоого чакырууда. Ошондой эле, суук тийүү жана грипптин симптомдору байкалган адамдар менен аралыкты сактоого чакырыктар болуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM