Биз менен байланышыңыз

Мыйзам колдоо тапса, бардык жарандар салык декларациясын тапшырат

Экономика | 22 Янв 2020 | 730 | 0

 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Мыйзамга байланыштуу атайын баяндама жасалды. Эгерде  жаңы мыйзам күчүнө кирсе, 2020-жылдын апрелинен баштап,  17 жашка толгон бардык жарандар иштеген ишине карабастан декларация тапшыра баштайт. Жыйындын жүрүшүндө салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана убактысын ары жылдырууга каршы болгондор да болду. Айрым эл өкүлдөрү Салык кызматы мыйзам кабыл алып, бирок алгылыктуу иш алып барбай жатканын да сындашты.

«Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  мыйзам долбоорун талкулоо учурунда, эл өкүлдөрү тарабынан бир топ сындар жана сунуштар айтылды. Алсак, талкууда депутат Акылбек Жапаров декларациялоо маселесине «үй-бүлөлүк декларация» деген түшүнүктү киргизүүнү сунуш кылып, мындай түшүнүк өнүккөн өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулуп жатканын билдирди. Бир катар эл өкүлдөрү мүлктү декларациялоо мыйзамына 20 жылга чамалап калганы менен коррупция токтобой келе жатканына токтолду. Ошондой эле мүлктү декларациялоонун мөөнөтүн улам кийинкиге жылдыра бербей, кабыл алынган мыйзамдар күчүнө кирип салык кызматы жыйынтык көрсөтүшү керек болчу деген сындар айтылды.

-Ар бир адам өзүнө тиешелүү мүлкү боюнча отчет берип жатканда жоопкерчилиги жогорулайт. Муну менен журналисттик иликтөөсүз эле баары ачык көрүнүп калат. Ошондуктан «эл азыр даяр эмес» деп мөөнөтүн кайра-кайра узарта бербей ишке киргизишибиз керек. Шартын жөнөкөйлөштүрүп электрондук түрдө тапшыра тургандай кылсаңыздар. Айылдарга интернет жетип калды, тоскоолдук жок. Салык кызматы бул мыйзамды 2005-жылы эле киргизип, бул мыйзам бүгүнкү күндө иштеп калышы керек эле. Ошол кездеги бул ишти алып барган министрликтерге жаза каралышы керек. 2007-2009-жылы бул мыйзам иштеши керек эле. Президент баштап, өкмөт дагы коррупцияга каршы иш алып барып жатабыз дейсиңер, эгерде жарандар декларациядан өтпөсө, анда бул иштен эч кандай майнап чыкпайт.

Эгерде бул мыйзамды кабыл алып берсек, өлкөдөгү башы көрүнгөн чиновниктердин мүлкү айдан-ачык көрүнүп калат. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков мыйзам долбоорун талкулоо учурунда билдирди. Ал бүгүнкү күндө чоң талкууга түшүп жаткан мамлекеттик кызматкерлердин өзүнө катталбаган мүлктөрү ачыкка чыгып, эл ишенимине ээ болорунан күмөнү жок.

-Эл айтып жатат, мамлекеттик чиновниктер карапайым калктын жана мамлекеттин байлыктарын уурдап алып байып жатат. Бирок алар ошол байлыктарын декларацияда көрсөтүлгөн эмес. Болгон мүлкүн туугандарына, тааныштарына же башка адамдарга каттатып койгон. Ошон үчүн эгерде бул мыйзам күчүнө кирип калса, эч ким, эч качан андай жолго бара албай калат. Анткени ар бир жаран өзүнүн байлыгы тууралуу декларациядан өтүп, көрсөтүүгө тийиш болуп калат да.

5 миң мамкызматкер бирдиктүү салык декларациясын тапшырган эмес

«Жарандардын мүлкүн декларациялоонун мөөнөтүн улам-улам жылдырып, кайра-кайра мыйзам долбоорун кабыл алып, бирок аткарбагандан кийин эмне кереги бар?» деген суроону депутат Дастан Бекешов көтөрүп чыкты. Бир жылда бардык жарандарды декларациядан өткөрүү мүмкүн эместигин айтып, буларга токтолду.

-Ар дайым өзгөртүү киргизебиз, бирок мыйзамдарды аткарбай жатабыз. 77 эл өкүлү декларацияда техникалык ката кетирген. Мындай учурда жөнөкөй жаран бул ишти аткара калат дегендин күмөнү бар. Келечекте биз бирдиктүү салык декларацияга өткөргөнгө даяр болобуз. Бирок азыр эмес. Биз бир жылда да өтүүгө даяр болбойбуз. Себеби мамлекеттик каттоодо эле, автоунааны каттоодо кандай гана проблема жана убакытты талап кылып, каталар чыгып жатат. Мен өзүм декларация тапшырганда таң калдым, маалыматтарды угуп алып.

Жогорку Соттун төрайымы салык декларациясында эмнелерди көрсөткөн?

2019-жылы мамлекеттик жана саясий кызматкерлердин арасында  бирдиктүү салык декларациясын тапшырбагандарды көбү жергиликтүү кеңештин депутаттары. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкулов маалымат берди. Ошондой эле Кыргызстандан окууга чыгып кеткендер дагы тапшыра элек.

-5106 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер өзүнүн декларациясын тапшырган эмес. Саясий жана башка атайын административдик кызматты ээлеген 157 кызматкер декларациясын тапшырган эмес. Мамлекеттик кызматкерлердин көпчүлүгүн жергиликтүү кеңештин депутаттары түзөт. Ошондой эле окууга байланыштуу чет жакка чыгып кеткен кызматкерлер дагы декларацияны тапшыра элек.  

2018-жылы Жогорку Кеңештин 5 депутаты Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырган эмес

2020-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстандын бардык жарандарын киреше-чыгашасы тууралуу мамлекетке отчет берүүгө милдеттендирген мыйзам күчүнө кирет. Анда мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик ишканалар, эл аралык уюмдарда иштеген жана башка 17 жаштан жогорку бардык жарандар бирдиктүү салык декларациясын тапшырат. Учурда өлкөдө бул категорияга кирген калктын саны төрт миллионду түзөрү анык болду. Деген менен Экономика министрлиги парламентке бул мыйзамдын мөөнөтүн 2021-жылга чейин узартууну сунуштап жатат.  «Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди. Аталган мыйзам долбоору өтөбү, же жокпу, 23-январда добуш менен чечилет.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM