Биз менен байланышыңыз

2018-жылы Жогорку Кеңештин 5 депутаты Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырган эмес

Кыска кабар | 4 Окт 2019 | 607 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылы Бирдиктүү салык декларациясын мыйзамда белгиленген мөөнөттө тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди атады. Ушул жылдын 3-октябрына карата 1202 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырган эмес. Тизмедеги алдыңкы бештикте Жогорку Кеңештин 22 депутаты бар. Бул маалымат мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандардын жалпы санынын көбү жергиликтүү органдардын кызматкерлери жана адистери болгон. Алардын саны – 980. Ошондой эле тизмеде Мамлекеттик каттоо кызматынын 25, Жогорку Кеңештин 22 кызматкери, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен 16дан кызматкер бар.

«Финансы министрлигинин (13), МСК (12), Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин (10), Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (10), Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (7), Юстиция министрлигинин (7), Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин (7), Бажы кызматынын (6), Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин (6), Тышкы иштер министрлигинин (6), Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын (6) жана башка органдардын кызматкерлери да бар», — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, салык декларациясын тыпшырууу мөөнөтү жыл сайын 1-апрелде аяктайт.

Copyright © 2017 Maral FM