Биз менен байланышыңыз

5 миң мамкызматкер бирдиктүү салык декларациясын тапшырган эмес

Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 532 | 0

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын 5 106 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жана 157 саясатчы жана административдик кызматкер тапшырган эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкулов Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Ошондой эле өткөн жылы Салык кызматында коррупцияга шектелип, «Өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча 7 факт аныкталган.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында 2025-жылга чейин Кыргызстандын бардык жарандарына Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу боюнча долбоор каралып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM