Биз менен байланышыңыз

Алкоголдук продукцияларга акциз салыгы жогорулады

Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 617 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын январынан тартып этил спиртине жана алкоголдук продукциялардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын ставкалары жогорулагандыгын билдирди.

Бул ЕАЭБ алкагында акциздердин ставкаларын айкалыштыруу максатында жасалган.

Тактап айтканда, арак жана ликер-арак ичимдиктерине, күчтүү суусундуктарга акциз бир литр үчүн 70 сомдон 100 сомго чейин жогорулатылган. 2021-жылы алкоголдук продукциялардын бул категориясына акциз 1 литр үчүн 120 сом, 2022-жылы 140 сомду, 2023-жылы 160 сомду түзөт.

Этил спиртине акциздин ставкасы 1 литр үчүн 100 сом өлчөмүндө белгиленген, мурда бул ставка 70 сомду түзгөн. Кийинки үч жылда акциз салыгы жыл сайын 20 сомго жогорулайт.

Коньяктарга акциз 1 литр үчүн 52 сомдон 70 сомго чейин жогорулатылган. 2021-жылы бул сумма литр үчүн 80 сомду, 2022-жылы 90 сомду, 2023-жылдан баштап 100 сомду түзөт.

Ошондой эле аз алкоголдуу суусундуктарга акциз 1 литрге 200 сом өлчөмүндө белгиленген, ал эми буга чейин ставка 70 сомду түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM