Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак жылын эки өлкөнүн президенттери расмий ачты. Анын алкагында түрдүү багыттагы 200дөй иш-чара өтөт.
-Мен, Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгы акыркы эки жылда активдешкенин өзгөчө белгилегим келет. Биз быйыл да Орусия менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдык мааракесин белгилейбиз. Кыргызстандыктар, эки өлкөнүн кылымдар бою уланып келе жаткан тарыхый, достук мамилебизди жогору баалайбыз.
Бул сөздөрдү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Москвада Орусия лидери Владимир Путин менен жолугушкан учурда айтты.
Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Москвада болуп, өлкөлөрдүн эриш-аркак жылынын ачылышына катышты. Анда ал сөз сүйлөп жатып:
«Орусия биздин жакын, ишенимдүү шериктешибиз жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөшүбүз. Кыргыз эли мындан бир жарым кылым мурда эле өнүгүүнүн мүмкүн болгон жолдорунун ичинен Орусия эли менен бирге тагдырлаш болууну тандап алган. Бул туура кадам болгонун тарых көрсөттү. Биз бүгүн мындай чечимди кабыл алган ата-бабаларыбыздын кыраакылыгына жана көрөгөчтүгүнө таазим кылабыз», — деп белгиледи өлкө башчы.
Жээнбеков Орусия президенти Владимир Путиндин кызматташууга кошкон жеке салымын да дайыма белгилеп келет. Аны менен катар Кыргызстанда орус тилине чоң маани берилерин айтат.
«Орусия-Кыргызстан эриш-аркак жылынын» ачылышында орус президенти Владимир Путин сөз сүйлөп жатып, эки өлкөнү байланыштырып турган тармактарды атады. Ал Жээнбеков менен дайыма жолугушуп турарын, эми эриш-аркак жылында өтө турчу иш-чаралар, элдин бири-бирин терең таануусуна өбөлгө түзөрүн билдирди.
—Кыргызстан менен Орусия аскерий-техникалык, өнөр жай тармагы боюнча эки тараптуу жана эл аралык уюмдар алкагында кызматташат. Евразия экономикалык биримдигинин алкагында тыгыз мамиле калыптанды. Тоо-кен тармагында ири долбоорлор ишке ашып жатат. Орусия Кыргызстанга энергоресурс жеткирген негизги өлкө болуп эсептелет. Орусия – Кыргызстан менен ар тараптуу алаканы улантууга кызыктар. Буга эриш-аркак жылында өтө турчу 200дөн ашуун иш-чара шарт түзөт.
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан ЕАЭБ алкагындагы мамилеге өзгөчө маани берерин айтып, Орусиядагы мекендештерге кайрылып, алардын турмушун жакшыртууга убада берди.
—Урматтуу мекендештерим, алыста жүрсөңөр да ар бириңер биздин оюбузда турасыңар. Орусиянын, ЕАЭБдеги башка мамлекет жетекчилери менен бирге, сиздердин жашоо, окуу жана иштөө шартыңарды жакшыртуу ишин мындан ары да улантабыз. Орусия элинин жана жетекчилигинин кыргызстандыктарга болгон колдоосун баса белгилейм, биз муну жогору баалайбыз. Сиздер, биздин өлкөбүздү өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатасыңар. Биз чет жактагы мекендештер менен байланышты бекемдөөнү артыкчылыктуу багыт катары кармайбыз.
Президент иш сапары алкагында орусиялык ТАСС маалымат агенттигине маек куруп, Кыргызстандын ЕАЭБге киргени туура чечим болгонун айтты. Жээнбеков: «мен биримдиктеги кемчиликтерди андан алган пайдабыз жаап жатканын ишенимдүү айта алам», — деген.
Ал эми жергиликтүү ишкерлер биримдиктин пайдасынан кемчилиги басымдуу болгонун айтышат. Экономист Эмил Үмөталиев Кыргызстандын ири уюмдар менен интеграция курушун эволюциялык процесс катары эле баалап, көп учурда саясий лидерлер, жетекчилер мамилеге позитивдүү баа беришерин айтат. А эгер жагдайды ачык айтканда, Кыргызстан ЕАЭБдин кемчилигин көбүрөөк көрдү.
-Евразия экономикалык биримдигинин көп кемчиликтерин башында ага кирүүнү үгүттөгөн жетекчилер да моюнга алып калышты. ЕАЭБдин соода-экономикалык жагынан пайдасы тийбегени, башында берилген убадалар аткарылбай калганы аз келгенсип, ал жерде мурда Советтер союзу учурундагы көз карандылыгыбыз, же болбосо көз карандылыкка окшош эрежелер, Орусиянын биздин жерибиздеги саясатынын үстөмдүгү, бизди башка өнүккөн, демократиялык өлкөлөрдүн тажрыйбасынан алыстатуу шарты каптап кетиши мүмкүн. Каптап деле келе жатат. Бул мен үчүн чоң коркунуч деп айтат элем.
Башка эксперттер Кыргызстандын Орусиядан өз алдынча саясат жүргүзө албаганын, эки өлкөнүн кызыкчылыктары орток деген себеп менен түшүндүрүшөт.
Кыргызстан менен Орусиянын дипломатиялык мамилелери 1992-жылы түзүлгөн. Кыргызстан Орусиянын Борбор Азиядагы стратегиялык өнөктөшү. Эки өлкөнүн кызматташтыгы ар тараптуу, эл аралык, аймактар аралык деңгээлде калыптанган.
Президент Сооронбай Жээнбеков кызматка расмий киришкен учурда эң алгач Орусияга иш сапары менен барган. Мындай адат өлкөнүн башка президенттеринин да тажрыйбасында болуп келген.
Орусиянын федералдык бажы кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Орусиянын соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2019-жылы 1 млрд 866 млн долларды түздү. Орусиянын Кыргызстанга жасаган экспорту 1 млрд 55 млн долларга жетти, импорт 300 млн доллар суммага жасалган.
Орусиялык маалымат булактарынын жазганына таянсак, Орусия Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин колдоо үчүн акыркы 7 жылда 311 млн доллар грант берген, 2018-жылы Кыргызстандын 240 млн доллар аласасын толук жойгон.
Быйыл 2020-жылы эки өлкө эриш-аркак жылы алкагында 200дөн ашык иш-чара өткөрүүнү пландап жатат. Алар саясий, соода-экономикалык, маданий жана башка багытта болот.