Биз менен байланышыңыз

Акаев: «Жеңиш Разаков элден кечирим сурасын же кызматтан кетсин!»

Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 3031 | 0

Вице-премьер министр Жеңиш Разаков элден тез арада кечирим сурашы керек же отставкага кетиш керек. Мындай пикирди бүгүн 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Жанар Акаев билдирди. Ал: “Кыштын  кыраан чилдесинде кыргыз-тажик чер ара маселесин чечүү үчүн эл митинге чыкса, аларды «акчага сатылгандар» деп фактысы жок күнөө койду. Бул туура эмес! Ошон үчүн Жеңиш Разаков бүгүндөн калбай элден кечирим сурасын же жумушун тапшырып берсин! — деди Акаев.

Ошондой эле эл өкүлү чек ара чырында чагымчылдыкка шектелип кармалган жарандарды тезинен бошотууну айтты.

Баткендин Көк-Таш айылынын тургундары Зайнидин Бердиев, Улукбек, Нурбек жана Үсөн Сапарбаевдерди чагымчылдык жасады деген шек менен 11-январда милиция кармаган.

13-январда Кадамжай райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 1 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Кийин облустук соттун чечимине ылайык, алардын экөө үй камагына чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM