Биз менен байланышыңыз

Кытайда тарап жаткан белгисиз вирустан 4 адам өлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Янв 2020 | 677 | 0

Кытайда сырдуу вирустан каза болгондордун саны 4кө жетти. Маалыматка ылайык, белгисиз вирустун айынан өлгөн 4-бейтап Ухань аймагында болгон.

Кечээ, 20-январда Кытайда дарыгерлер дем алуу органдарын сезгенткен жаңы коронавирус адамдан адамга жуга турганын ырасташты.

Алардын айтымында, вирустун адамдан адамга жуга тургандыгы Гуандун провинциясындагы эки учурду изилдөө маалында далилденген. Мындан тышкары бейтаптар жайгашкан медициналык жайлардын кызматкерлери вирусту жуктуруп алган 14 учур катталган.

Бирок азырынча окумуштуулар 2019-nCoV коронавирусу тараган булакты аныктай албай жатышат.

Түштүк Кореянын бийлиги да коронавирустун жаңы тибинен өпкө оорусуна чалдыккан биринчи учур катталганын жар салды. Мындан сырткары, өпкө оорусуна чалдыккан фактылар Жапония менен Тайландда дагы катталды.

Жергиликтүү «Ренхап» басылмасынын маалыматына караганда, жүрөк үшүн алган илдет Кытай менен Азия аймагында жайылышы ыктымал.


Кытайда жаныбардан адамга жуккан вирус күч алды


Дүйшөмбү күнү эртең менен вирус жуктургандардын саны кескин көбөйүп, 220 адамга жеткени, алардын үчөөсү каза болгондугу расмий кабарланган. Ухань аймагында эле ооруга чалдыккандардын саны 169ду түзөт. Вирус алгач Ухань аймагында катталып, кийинчерээк Пекиндин эки жараны жана Шеньчжендин бир жашоочусунда байкалган. Алардын бардыгы тең Ухань аймагында болуп келгендиги белгилүү болгон.

20-январга карата вирус жуктурган 25 адам ооруканадан чыкса, 170и дарылануусун улантууда. Алардын ичинен 35 бейтап оор, тогузу өтө оор абалда жатат.

Copyright © 2017 Maral FM