Биз менен байланышыңыз

Кытайда жаныбардан адамга жуккан вирус күч алды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2020 | 1930 | 0

Кытай бийлиги Кытайда жаңы вирусту жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйүп кеткенин, эң алгач вирус Ухань аймагында пайда болгонун жарыя кылды. Медиктердин айтымында, бул вирусту жуктуруп алган адамдардын саны 198ге чыкты. Сырдуу вирус буга чейин 3 адамдын өмүрүн алгандыгы айтылууда. 65 бейтаптын абалы оор, 9 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда. Ошондой эле, 126 адам бул вирустун жеңил формасы менен ооруп жаткандыгы белгилүү болду.

Вирус алгач Ухань аймагында катталып, кийинчерээк Пекиндин эки жараны жана Шеньчжендин бир жашоочусунда байкалган. Алардын бардыгы тең Ухань аймагында болуп келгендиги белгилүү болгон.

Вирус тууралуу эмне белгилүү?

Бул вирус короновирустардын тобуна кирип, адамдарда пневомонияны өрчүтөт. Кытайдын жаңы вирусу алгач деңиз азыктарын дүң саткан Уханьдагы базарда байкалган. Башкача айтканда, деңизде жашаган сүт эмүүчүлөрдөн таралгандыгы тууралуу божомолдор бар. Ошондой эле, кээ бир ЖМКлар бул базарда жарганаттар, тооктор, коёндор жана жыландар да сатылган деп билдиришкен. Ушул жан-жаныбарлардын бирин ооруну таратуунун булагы деп эсептешет. Азырынча кытай Саламаттыкты сактоо органдары вирустун адамдан адамга жугуу фактысы катталбагандыгын айтып жатышат. Бирок британ эпидемиологдору вирустун жаныбардан адамга жугушу убактылуу көрүнүш экендигин, адамдан адамга жугуу ыктымалдуулугу да бар деп эсептешет.

 

Copyright © 2017 Maral FM