Биз менен байланышыңыз

Сүйүн Откеев: Акжол Канатбек уулунун ролун Максат Надырбеков улантты

Бир топ кинонун режиссеру, подюссер Сүйүн Откеев жакынкы аралыкта “Кыялкештэр” аттуу тасмасын элге тартуулады. Аталган кино тууралуу “Марал шоу” программасында маек курдук. Биздин кезектеги конокторубуз Сүйүн Откеев, тасмадагы башкы каармандар Назира Айтбекова жана Жаңылай Исакова болду.

— Саламатыздарбы? Студиябызга кош келипсиздер?

-Саламатчылык, кош келдик.

-Алгач, кино туурасында сөз кылалы. Тасма эмне жөнүндө?

Сүйүн: Бул долбоорго жай айынан тарта даярдана баштаганбыз. Бирок, күз мезгилинде тартылды. Кыздардын маселелерин, бири-биринин ортосундагы мамилелерин, достугун чагылдырган, көбүнчө айымдарга жага турган тасма жараттык.

— Канча убакытта тартылып бүттү?

Сүйүн: Жалпысынан бул долбоорго төрт ай кетти. Даярдыкка эки ай сарпталса, тасманын тартылышы бир айга созулду.

— Назира айым, бул тасмада кандай өзгөчөлүктөрдү байкай алдыңыз?

Назира: Сүйүн менен көп жылдан бери досмун. Досуңдун киносуна тартылыш оңой эмес экен. Анткени, жоопкерчилик эки эсе чоң болот экен. Жакшы болсо экен деген ой менен жүрүп, ролумду кандай аткарганымды билбей калдым. Чынында, кинону өзүм деле көрө элекмин.

— Жаңылай, айтсаңыз, тасмадагы ролуңуз өзүңүздү канааттандырдыбы?

Жаңылай: Өзгөчө образдардын бири. Актриса болгон соң, эч качан роль тандабаш керек. Кичинекей роль болбойт, кичинекей актер болушу мүмкүн. Берилген ролду жакшы образ менен ачып берүүгө аракет кылдым. Өзүмө каарманым жакты. Анткени ал чындык үчүн күрөшкөн, өзүнүн позициясы бар кыз.

— Тасмага актрисаларды кантип тандап алдыңыз?

Сүйүн: Эң кыйыны ошол болду. Кыргызстандагы эң таланттуу деп эсептелген 10-15тей актрисалардын сүрөтүн коюп алып, алардын ичинен бешөөнү тандадык. Буюрса, образдар татыктуу эле берилди го деп ойлойм.

— Кинонун мыкты болушу актрисалардан көз карандыбы же сценарийденби?

Сүйүн:Кинонун мыкты болуусу үчүн бардыгы жакшы болуш керек. Эң биринчи жазылган сценарий, андан соң актёрлор берилген образды ачып бериши керек.

-Аталышын эмне үчүн “Кыялкештэр” дедиңиздер?

Сүйүн:Ишенесиздерби, кинонун аталышын табуу үчүн 3 ай кетти. Буга чейиинки кинолорума оңой эле ат табылчу. Акын досубуздун жардамы менен “кэш” деген сөз таптык. Кэш- бул Америкада накталай акча дегенди түшүндүрөт.

-Эмне үчүн айымдар темасы тандалып алынды?

Сүйүн: Бул тема коомдо дайыма эле актуалдуу. Кыздар туурасында көп окуялар бар. Аталган кинобуз кыздар үчүн кызыктуу болот деген ойдобуз.

-Акжолтой Канатбек уулу да роль жаратып калган экен…

Сүйүн: Акжолтой беш кыздын кичинекей кезинен бери чогуу өскөн досу болуп аткармак. Тилекке каршы, фильмдин жарымына гана тартылып калды. Кырсык болуп, биз чоң жоготууга учурадык. Акжол менен кастинг убагында таанышканбыз. Биринчи эле кастингден ырын ырдап бергенде жүрөккө жеткен. Кинодо бир канча ыр аткармак. Буга чейин тааныбайт болчумун. Таанышканда талантына суктандым. Абдан чоң кыял, максаттары бар болчу. Ошондуктан, тасманы Акжолтойдун жаркын элесине арнадык. Өзү аткарган эпизоддору ошол бойдон калды. Калганын дублёрдун жардамы менен ищке ашырдык. Кийин Акжолго түспөлдөш алып баруучу Максат Надырбеков тартылды.

— Азыр көпчүлүк кинолор комедия жанрында тартылып калды. Эл аралык фестивалдарга чыга турчу, олуттуу кинолор эмнеге жарык көрбөйт?

Сүйүн: Коңшу өлкөлөрдө мамлекеттик деңгээлде кино тартканга өкмөт каражат бөлөт. Бизде бир эле кино эмес, жалпы маданият тармагына жыл сайын бюджеттен 2,4% бөлүнөт. Анын бир канча пайызы келсе келет, келбесе жок. Ошондуктан бул маселени мамлекеттик деңгээлде ишке ашырышыбыз керек. Идеологияны ортого коюп, мамлекет өзү колдосо, олуттуу жанрдагы тасмалар тартылат.

— Маегиңиздерге рахмат, кыргыз элинде жакшы кинолор жарык көрө берсин.

Copyright © 2017 Maral FM