Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-орус кайчылаш жылында 100дөн ашык маданий иш-чара уюштурулат

Кыска кабар | 17 Янв 2020 | 413 | 0

Кыргыз-орус кайчылаш жылына карата эки мамлекеттин ортосунда уюштуруу комитети түзүлүп, 100дөн ашык иш-чара каралууда. Чыгармачыл топ, маданий кызматкерлер Орусияга барып келүүдө. Февралдын ортосуна расмий ачылыш каралууда. Февралдын экинчи жарымында Орусияда чоң театрда ачылыш аземи өтөт. Ага Кыргызстандан 200дөн ашык маданий кызматкер барат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бүгүн, 17-январда маалымат жыйынында билдирди.

-Иш-чаранын ачылышы Москва шаарында чоң театрда февраль айынын биринчи жарымында эки күндүк концерттик программа менен өтмөкчү. Жылдын алкагында биздин театрларды Орусияга чыгарып келүү пландалууда. Бул биздин маданий кызматкерлерге тажрыйба жана Орусиядагы мекендештерге жакшы жаңылык болмок. Мындан сырткары Орусияда Кыргызстандын сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү уюштурулат , — деди Жаманкулов.

Ошондой эле эки өлкөдө тең эстрада жылдыздары концерт коюп, кино жумалыктары өтөт. Кыргыз тарап Орусияга барса, орусиялыктар Кыргызстанга келет. Орусиянын көрүнүктүү актёр, режиссёрлору Кыргызстанга келип, мастер класстарды өткөрүп турат. Жалпысынан 100дөн ашык маданий иш-чара камтылган.

Кайчылаш жылдын алкагында каралган иш-чаралардын 70%ы маданий гуманитардык мүнөздөгү иш-чаралар болуп саналат.

Күзүндө иш-чаранын жабылыш аземи Кыргызстанда өтөт, ага эки өлкөнүн Өкмөт башчылары катышат.

Copyright © 2017 Maral FM