Биз менен байланышыңыз

Бишкек жана Ош шаарларында эки мамлекеттик кризистик борбор ачылат

Кыска кабар | 17 Янв 2020 | 373 | 0

Бишкек жана Ош шаарларында жакын арада эки мамлекеттик кризистик борбор ачылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Аялдар иштери жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

«Мындан тышкары бардык шаарларда жана айыл өкмөттөрдө Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттер – туруктуу иштей турган коллегиялык орган негизделет. Ал коомдук башталыштарда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын, диний, өкмөттүк эмес уюмдардын жана башка жергиликтүү коомчулуктардын активдүү мүчөлөрүнөн үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча өз ара иштешүү жана координациялоо үчүн түзүлөт», — деди ал.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, жүрүм-турум ченемдерин өзгөртүү, жоопкерчилик чараларын күчөтүү, укуктук билим, сабаттуулукту арттыруу, аялдардын экономикалык мүмкүндүктөрүн кеңейтүү, кеңири маалыматтык-агартуучулук ишмердүүлүк аркылуу зомбулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүү керек.

Вице-премьер-министр кырдаалдан чыгуунун жолун биргеликте издөө, учурдагы абал, мыйзамдардын өзүндө маселе болсо аны талдоо, алдын алуу боюнча чараларды сунуш кылууну сүйлөшүү үчүн жыйынга эл аралык өнөктөштөр, гендердик маселелер боюнча эксперттер, Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттин жана кризисттик борборлордун өкүлдөрү чакырылганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM