Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөдөн келген кыргызстандыктар категориясына карап карантинге алынат

Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 853 | 0

Кечээ, 16-марттан тарта Казакстан менен Өзбекстан жарандарын сыртка чыгууга тыюу салды. Мындан улам, коңшу өлкөлөрдөн бизге жарандар кирбейт. Эгерде аталган өлкөлөрдө биздин жарандарыбыз калып калган болсо, алар өткөрүлөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 17-мартта өткөн брифингде билдирди.

Чет өлкөлөрдөн келген келген жарандарыбыз Кыргызстанга киргизилет. Жарандар кайсы өлкөдөн келгенине карап, өзүнүн категориясы менен карантинге алынат. Эгерде Өзбестандан келсе, ал өлкөлөр экинчи категорияларга киргендиктен 14 күндүк мөөнөткө үй карантинине алынат, — деди Өмүрбекова.

Ошондой эле чет өлкөдөн келген жарандар менен акыркы 30 күн аралыгында жакындан байланыш болсо, аталган жарандар аталган ооруга тест тапшырышат.

Copyright © 2017 Maral FM