Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга чет өлкөнүн жарандары убактылуу киргизилбейт

Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 1401 | 0

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанга чет өлкөнүн жарандары убактылуу киргизилбейт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 17-мартта өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, жүк ташуучу компанияларга өлкөгө кирүүдө чектөө коюлбайт.

— «Бүгүн республикалык штабда бардык чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстанга кирүүгө убактылуу тыюу салуу талкууланды. Жүк ташуучуларга гана чектөө жок болот. Анын өзүнчө процедуралары бар. Тышкы иштер министрлиги тиешелүү билдирүүнү берет. Көптөгөн мамлекеттер ушундай чара көрүп жатышат», — деди Өмүрбекова.

Бул иштер коронавирустун өлкөгө кирүүсүн алдын алуу максатында кабыл алынып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM