Биз менен байланышыңыз

2019-жылга Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу башталды

Кыска кабар | 16 Янв 2020 | 299 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампанияны баштады. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Кезектеги декларациялык кампания эки этапта өтмөкчү: 1-мартка чейин – юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелер же жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин Бирдиктүү салык декларацияны ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Copyright © 2017 Maral FM