Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда комбанктардын активдери 7,3%га өстү

Кыска кабар | 27 Апр 2024 | 133 | 0

Улуттук банк банк секторунун өнүгүү тенденциялары тууралуу маалымат берди.

Анын маалыматына караганда, 2024-жылдын 31-мартына карата абал боюнча Кыргызстандын аймагында 23 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 316 филиалы иштеп турган.

Банк секторунун суммардык активдери жыл башынан тартып 7,3% өсүү менен 658,9 млрд сомду түзгөн.

Банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү жыл башынан 1,9% өсүү менен 262,7 млрд сомду түзгөн.

Банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы жыл башынан 8% өсүү менен 465,7 млрд сомду түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM