Биз менен байланышыңыз

Иран учактын атып түшүрүлүшү боюнча бир нече адамды камады

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 719 | 0

Иранда украиналык учакты атып түшүрүү иши боюнча болжолдуу шектүү катары бир нече адам кармалды. Бул тууралуу Reuters агенттиги Ирандын Юстиция министрлигине шилтеме жасап жазды.

Азырынча канча адам жана кимдер кармалганы тууралуу так маалымат айтылган эмес.

Буга чейин Ирандын президенти Хасан Роухани бийлик кырсык боюнча дыкат текшерүү жүргүзөрүн билдирген.


Иран: Кулаган учактагы 167 жүргүнчүнүн баары каза болду [фото]


Эске салсак, 8-январда Тегерандагы эл аралык Имам Хомейни атындагы аэропортто Украинага тиешелүү лайнер учары менен кырсыкка кабылып, кулап түшкөн. Кесепетинде учакта болгон 167 жүргүнчү менен 9 экипаж мүчөсү каза болду.

Башында четке какканы менен, кийинчерээк Иран бийлиги «Боингди» америкалык ракетага окшотуп атып алганын моюнга алды. Мунун айынан Иранда кайрадан өкмөткө каршы нааразычылык акциялары башталды. Бул ирет демонстранттар бийлик украиналык учак кырсыгына байланыштуу чындыкты жашырганына нааразы болууда. Ошондой эле, украиналык авиалайнерди атып түшүрүүгө күнөөлүү аскердик кызмат адамдарын жоопко тартууну талап кылып чыкты.


Иран бийлигине кайрадан нааразычылык күч алды

Copyright © 2017 Maral FM