Биз менен байланышыңыз

Иран бийлигине кайрадан нааразычылык күч алды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 662 | 0

Иранда кайрадан өкмөткө каршы нааразычылык акциялары башталды. Бул ирет демонстранттар бийлик украиналык учак кырсыгына байланыштуу чындыкты жашырганына нааразы болушууда. Ошондой эле, украиналык авиалайнерди атып түшүрүүгө күнөөлүү аскердик кызмат адамдарын жоопко тартууну талап кылышууда. Кыйраган учак бортундагы 167 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсүнүн баары каза болду. Мерт кеткендердин көпчүлүгү ирандыктар жана ЖОЖдордо окуган студенттер болгон.

Кечээтен бери Тегерандын чок ортосундагы нааразычылыкты басуу үчүн кошумча полиция кызматкерлери менен КУДС атайын түзүмүнүн күзөтчүлөрү катуу иш алып барууда. Борбордо жана башка шаарларда митинг уюштургандардын саны өсүүдө. Нааразычылыкка чыккандардын көпчүлүгү студенттер. 12-январда, жекшемби күнү болгон каршылык акциясында коргоо органдары активисттерге карата көздөн жаш агызуучу газдарды колдонгон.

АКШ лидери Дональд Трамп Иранды нааразычылыкка чыккандарды өлтүрбөөгө чакырып, «дүйнө эли жана АКШ бул боюнча көз салып турарын» билдирген.

12-январь күнү Ирандын күзөт корпусунун башчысы Хосейн Салами лайнерди атып түшүрүүдөгү катачылык үчүн кечирим сурады. Аскерлер «Боингди» америкалык ракетага окшотуп алганын айтты. Ошондой эле, бул нерсеге күбө болгонго караганда, ошол учакта болуп, мерт кеткенди каалап турганын кошумчалады.


Иран: Кулаган учактагы 167 жүргүнчүнүн баары каза болду [фото]


«Боинг-737» украиналык учагы 8-январда Тегеранда аэропорттон учары менен эле кырсыкка кабылган. Кесепетинде учакта болгон 176 адамдын баары каза болду. Алардын арасында ирандыктардан сырткары 63 канадалык, 11 украин жарандары да болгон.

Copyright © 2017 Maral FM