Биз менен байланышыңыз

Чек ара чыры: Бүгүн кыргыз-тажик делегаттары жолугат

Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 520 | 0

Бүгүн, 14-январда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган Кыргызстандын делегациясы чек арадагы кырдаал боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы кабарлаган.

Кыргыз делегациясынын курамында Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин жетекчилери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал, аны турукташтыруу боюнча мындан аркы чаралар, чек ара коопсуздугун бекемдөө, чек ара окуяларын алдын алуу чаралары, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин активдештирүү маселелери талкууланат.

Жолугушуу эки мамлекеттин башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык өтөт.

Маалыматка ылайык, митинг 9-10- январда кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырда күч органдары тарабынан кармалган 4 жаранды тез арада бошотуу талабы менен уюштурулган.

Көк-Таш айылында 10-январга караган түнү чыр чыккан. Тажик тарап кыргыз жарандарынын унааларын талкалап, кийинчерээк ок чыгарган. Буга байланыштуу аял жана балдар Көк-Таш айылындагы орто мектепке жайгаштырылган. Жалпысынан 254 адам кайра үйлөрүнө кайрылып барды.

Чек арада азыркы учурда абал туруктуу.

Copyright © 2017 Maral FM