Биз менен байланышыңыз

Президент: Коңшу өлкөлөр менен чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүнү күчөткүлө

Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 847 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда, чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысына чек арада чыр-чатактардын алдын алуу, анын ичинде Баткен облусунун кыргыз-тажик бөлүгүндөгү мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди.

Президент коңшу өлкөлөр менен чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүнү күчөтүү, чек арага жакын жайгашкан райондордун тургундарынын коопсуз жашоо-тиричилигин камсыз кылуу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Кечээ жакында эле Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн чек арасындагы туруктуу абалды биргелешип сактоого умтулуу аракеттери белгиленгенин эскертти.

Жээнбеков эки жакта тең чагымчыл аракеттерди болтурбоо үчүн чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер тажик тарап менен тыгыз байланышта жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Ошондой эле чек ара аймактарында мындай окуяларды болтурбоо үчүн жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, профилактикалык чараларды кабыл алуу зарылдыгы актуалдуу боюнча калууда.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тажик тарап менен чек арадагы абал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө өзү баштаган делегациясы даяр экендигин билдирди. Жолугушуу эртең, 14-январда, чек ара аймагында өтө турганын маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM