Connect with us

Ак ниет ишкерлердин реестри түзүлдү

Кыска кабар | 31 Дек 2024 | 183 | 0

Министрлер кабинетинин токтому менен Кыргызстандагы ак ниет ишкерлердин реестрине киргизүү үчүн ишкерлердин арыздарын тандоо жүргүзүлдү. Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашкандай, туруктуу иштеген ишкердик субъектилерди тандоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын чечими чыкты.

Ага ылайык, “Алайку Органикс” МЧК, “Альянс Алтын”, «Кул Брос», «Айко-Сейко», «Ажи Сервис», «Кока-Кола Бишкек Боттлер», «Бай Дыйкан», «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ишканалары реестрге кирген.

Реестрге кирген ишкерлер медиа-жарнак үчүн Кыргызстандын мамлекеттик телеканалдарынан акысыз обо убактысын алат. Салык жана бажы кызматтарын кезексиз алат, Кыргызстандан эл аралык көргөзмөлөргө, жарманкелерге, форумдарга акысыз катышат.

Кыргызстандын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү кошпогондо, ак ниет ишкерлердин реестрине киргизилген учурдан тарта мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан үч жылга текшерүүдөн бошотулат.

Мамлекеттик кредиттөө программаларын ишке ашыруунун алкагында жеңилдетилген каржылоону алат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM