Биз менен байланышыңыз

Мамбеталиев: Ак илбирстин саны өсүүдө

Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 780 | 0
Автор: Влад Ушаков

2013-жылы илбирсти колдоо демилгесине чейин алардын саны аз болчу. Учурда бул сейрек жаныбарлардын саны жогорулап калды. Кыргызстандын аймагында учурда болжолдуу 300-500 баш илбирс байырлайт. Жумушчу катчылык уюштуруп, илбирсти жана анын тамагын коргоо, аларды мыйзамсыз олжолоо боюнча алдын алуу иш-чаралары жүрүүдө. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин астындагы биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директорунун орун басары Кумар Мамбеталиев маалымат жыйынында билдирди:

«Жыл сайын санак иш-чаралары уюштурулуп келет. Ал ачык-айкын жүргүзүлөт. GPS навигаторлор пайдаланылып, барстын санын эсепке алуу максатында фотокапкандар колдонулууда.  2017-жылы 254 илбирс катталган болсо, 2018-жылы 324, 2019-жылы 330 илбирс байырлайт деген маалымат берилүүдө«, -деди Мамбеталиев.

Эске салсак, акыркы бир жума аралыгында Талас облусундагы Көк-Ой айылында жергиликтүү тургундар жарадар ак илбирсти кармашкан. Андан соң, Нарын облусунан да илбирс алынып келинип, медициналык кароодон өткөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM