Биз менен байланышыңыз

Ак илбирстердин абалы

Коом , Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 1494 | 0

Таласта табылган ак илбирсти аткандар кармала элек. Жарадар болуп, 9-январь күнү Таластын Көк-Ой айылында табылган ак илбирске Бишкекте операция жасалып, денесинен жалпы 18 чачма ок алынды. Ал эми Нарындан алынып келинген ак илбирс Ысык-Көлдөгү реабилитация борборуна жеткирилди. Негизинен, Кыргызстандагы ак илбирстердин саны боюнча так маалымат жок. Болжолу 300дөн 500гө чейин деп айтылып жүрөт. Тийиштүү мамлекеттик органдар ак илбирстин тукумун сактоо багытында жасалып жаткан иштер жана акыркы окуялар боюнча маалымат берди.


Таласта жарадар болгон ак илбирс Бишкекке алынып келинип, операция жасалды. Денесине жалпы 70тей чачма ок тийгени аныкталды. Учурда илбирстин абалы туруктуу, өз алдынча тамак жеп жатат. Бирок ветеринардык жардам керек. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы Жаратылышты коргоо союзунун ветеринары Бакыт Ажыбеков Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, операция 1,5 саатка созулуп, ак илбирстин денесинен жалпы 18, анын ичинен оң көзүнөн эки майда ок алынды.  Жандыктын бир кареги мурда эле агып калганы белгилүү болду.

 — Ак илбирсти Германиянын Кыргызстандагы Жаратылышты коргоо союзунун (NABU) кеңсесине алып келдик. Аны рентгенге түшүрүп, рентген сүрөтү көрсөткөндөй, анын баш бөлүгүндө 70 майда ок болгон. Ага операция жасалып, жалпы 18 чачма ок алынган. Бир көзү соолуп калыптыр. Экинчи көзү да бозоруп көрөт. 

Ал илбирстин кантип колго түшкөнүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын региондор аралык башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Дуулат Бердалиев төмөнкүчө баяндап берди:

— Илбирс там боюндай бийиктиктен өзү жерге түштү. Ал теректин башында отурганда эле жарадар экенин билдик. Анткени жерде кандын издери бар болчу. Көзүнөн да кан агып жүргөн экен. Жалпы эл менен чогулуп илбирсти кармадык. Түңкү саат 2 жарымдарда Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлери менен бирге NABUнун кызматкерлерине өткөрүп бердик.  

Ошондой эле, 11-январда Нарын облусунун Жумгал районунан да илбирс алынып келинген. Аны реабилитациялоо жана кыштатуу максатында Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы жаныбарларды багуу жайына жеткирилди. Илбирс карылыгы жетип, өз алдынча аңчылык кыла албай калгандыктан, сарайга кирип келгенин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Элдияр Шерипов кабарлады.

 — Жумгалдагы ак илбирс карылыгы жетип, тоодон түшүптүр. Тиштери түшүп, өзүн бага албай калган. Ал эми жаш илбирске аңчылык болгон деген божомолдор бар. Анткени операция болгондо октор чыгып жатат. Бирок учурда ага кол салгандар кармала элек. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү иликтөө иштери жүрүп жатат. Эгерде шектүү кармалса, мыйзамдардын чегинде жооп берет.  

Өкмөттүн тийиштүү токтомуна ылайык, ак илбирсти атууга 1,5 млн сом айып каралган. Ал эми изилдөөчүнүн айтымында, Кыргызстандагы ак илбирстер көбүнесе тоо текелер менен азыктанып, кар оор түшкөн мезгилде төмөн көздөй түшүп, аркар-кулжага аңчылык кылышат.

Улуттук илимдер академиясынын алдындагы биология институтундагы лабораториянын башчысы Аскар Давлетбаковдун айтымында, ак илбирс карылыгы жеткенде же жарат алса, тоодон ылдый көздөй түшүп келет. Давлетбаков ак илбирстердин азыгы жетиштүү экенин да айтып өттү:

— Илбирс бир гана тоо текелер менен эмес, чымчык, чычкан, суур жана башка жандыктар менен да азыктанат. Ал эми өз алдынча аңчылык кыла албай калганда илбирс гана эмес, тоо эчкилер, аюулар да тоодон ылдый түшө баштайт. Анткени ылдыйда абанын табы жылуу болуп, чычкан келемиштерге аңчылык кылышат. Мындан трагедия жаратуунун кажети жок. Ал эми мөңгүлөрдөн кол жууп калуу чоң кырсык. Бирок мөңгүлөрдүн талкалануусу илбирстин жок болуп кетүүсүнө таасир этүүдө деп айта албайбыз.

Кыргызстандагы ак илбирстер 3 миң метрден кем эмес бийик жерлерди байырлайт. Алардын так саны боюнча маалымат жок. Болжолу 300дөн 500гө чейин деп айтылып жүрөт.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директорунун орун басары Кумар Мамбеталиев ак илбирстердин саны өсүп жатканын айтат. Анын белгилешинче, илбирстердин так саны белгисиз болгону менен көзгө көп урунуп жатканын эске алганда алардын саны мурдагыдан көбөйдү. Алсак, 2017-жылы өлкөдө 254 илбирс болсо, 2018-жылы алардын саны 324кө жеткен. Ал эми былтыр 330 илбирстин байырлагандыгы белгилүү болгон.

Мамбеталиев мындан сырткары, ак илбирстин тукумун сактап калуу максатында жасалып жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берди.

— Көйгөй бар, аны чечүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. 2013-жылы илбирсти колдоо демилгесине чейин алардын саны аз эле, азыр саны жогорулап калды. Учурда өлкө аймагын болжолдуу 300-500 баш илбирс байырлайт. Жумушчу катчылык уюштурулуп, илбирсти жана анын азыктарын коргоо иштери жүрүүдө. Мыйзамсыз олжолоо бар, ал боюнча да алдын алуу иш-чаралары жүрүүдө. Жыл сайын санак иш чаралары ачык-айкын жүргүзүлөт. Ал үчүн GPS навигатор пайдаланылат. Ак илбирстердин санын эсепке алуу максатында фотокапкандар колдонулууда. 

Айта кетсек, 1985-жылы СССР жоголуп бараткан жана жоголуу коркунчунда турган жаныбарларды коргоо максатында Кызыл китеп кабыл алган. Ага Кыргызстандын аймагындагы бир катар канаттуулар, жан-жаныбарлар киргизилген эле. Анын ичинде ак илбирс да бар.

Copyright © 2017 Maral FM