Биз менен байланышыңыз

Таласта жарадар болгон ак илбирс Бишкекке алынып келинди

Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 800 | 0

Таласта жарадар болгон ак илбирс Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган ведомствонун маалыматы боюнча Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары жана медициналык адистер менен жыйын өткөрүп, анда ак илбирсти рентгенге тартуу чечимин кабыл алышкан. Рентгендин жыйынтыктары менен анын кандай оорусу бар экенин аныкташып, ошого жараша дарылоону башташат.

Эске салсак, Талас облусундагы Көк-Ой айылында жергиликтүү тургундар жарадар болгон ак илбирсти кармашкан. Ак илбирстин көзүнөн жана мурдунан кан агып турган, анын өзүнүн аймагынан кантип айылга келип калганы жана эмнеден жарадар болгону белгисиз.

Copyright © 2017 Maral FM