Биз менен байланышыңыз

Таласта жарадар болгон ак илбирс табылды (видео)

Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 521 | 0

Талас облусундагы Көк-Ой айылында жергиликтүү тургундар жарадар болгон ак илбирсти кармашты. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциядан билдиришти.

Мамэкотехинспекциянын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү тургундардын жардамы менен жырткычты дарактан жерге түшүрүшүп, колу-бутун байлап унаага жүктөөгө мүмкүнчүлүк болгон. Бирок, ак илбирс жарадар болгондуктан, адамдарга каршылык көрсөтүп, үн чыгарган эмес.

Ак илбирстин көзүнөн жана мурдунан кан агып турган, анын өзүнүн аймагынан кантип айылга келип калганы жана эмнеден жарадар болгону белгисиз.

Учурда илбирсти тиешелүү кызматтарга өткөрүп берүү жагы каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM